Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кум-Дөбө айылдык Кеңешинин 6- чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2017-жылдын 28-марты № 5/11
Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Шамшы айылындагы “Мектеп” участкасы жөнүндө
Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Шамшы айылынын айыл башчысы Н.Көчөровдун 24.03.2017-жылдагы Шамшы айылындагы элдик жыйындын № 5 токтому менен тааныштырып, айыл жана жер реформасы боюнча, айлана-чөйрөнү коргоо, курулуш жана байланышы боюнча туруктуу комиссиясы угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Шамшы айылындагы “Мектеп” участкасынан бөлүнгөн 0.50 сотых жер спорт комплексин курууга берилсин.
2. Шамшы айылындагы “Мектеп” участкасындагы жаңы курула турган имаратына өздүк салым катары жалпы айыл тургундарынын жардамы катары ашар жолу менен салынсын.
3. Шамшы айылында “Мектеп” участкасында жаңы курула турган спорт комплексине тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүп берүү жагы жер адис Н.Осмоновго милдеттендирилсин.
4. Жогорудагы спорт комплекси толук бүткөрүлгөндөн кийин айыл өкмөтүнүн балансына комиссия менен бирдикте кабыл алынсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешиндеги айыл жана жер реформасы боюнча, айлана-чөйрөнү коргоо, курулуш жана байланышы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Өмүров |