Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кум-Дөбө айылдык Кеңешинин 6- чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2017-жылдын 10-апрели № 6/1
Нарын областынын Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын белгилөө долбоорун бекитүү жөнүндө
Кум-Дөбө айыл аймагынын 2017-жылынын чын куран айынын 6-дагы № 66 буйругунун негизинде, Кум-Дөбө айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын белгилөө долбоорун бекитүү жөнүндө «Кыргызмамжердолбоорлоо» мамлекеттик институтунун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы даярдаган Кум-Дөбө айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын белгилөө долбоору боюнча материалдарын карап чыгып, жер Кодексинин 18-беренесинин 4-пунктуна ылайык Кум-Дөбө айылдык Кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор районун Кум-Дөбө айыл аймагынын Кум-Дөбө, Ак-Жар, Бугучу, Шамшы жана Кашат калктуу конуштарынын чек араларынын белгилөө долбоору боюнча ”Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик институтунун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы тарабынан даярдалган материалдары жактырылсын.
2. Кум-Дөбө айыл аймагынын Кум-Дөбө, Ак-Жар, Бугучу, Шамшы жана Кашат калктуу конуштарынын чек араларынын белгилөө долбоору боюнча ”Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик институтунун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы тарабынан даярдалган материалдары Кочкор райондук мамлекеттик администрациясына бекитүүгө сунушталсын.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кум-Дөбө айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысы М.Асанбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | А. Өмүров |