Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 1-апрели № 19/14
Айылдык округдун аймагында спирт ичимдиктерин түн ичинде сатууга тыюу салуу жѳнүндѳ
Жошолу айылдык округунун аймагында калктуу конуштар ичинде Спирт ичимдигине байланыштуу кылмыштуулукка жол бербѳѳ, анын алдын алуу жана ѳспүрүмдѳр арасында тартипти чындоо максатында,
Жошолу айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык округдун аймагында ѳспүрүмдѳр арасында тартип бузууларды, түн ичинде ар түрдүү кылмыштуулуктуу болтурбоо максатында баардык дүкѳндѳрдѳ кечки саат 18 -00 кийин спирт ичимдигин сатууга тыюу салынсын.
2. Айылдык округдун салык инспектору, участкалык инспектор жана Айылдык кеӊештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясы менен бирдикте ар бир дүкѳндѳ спирт ичимдигин сатууга укуктуу документтери текшерилип, айылдык округка жана айылдык кеӊешке билдирилсин.
3. Айыл башчылар, КААБ мүчѳлѳрү, айылдык кеӊештин депутаттары менен биргеликте дүкѳндүн башчыларына эскертүүлѳр берилсин.
4 Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы салык инспекторго, участкалык инспекторго, айыл башчыларга, КААБдын мүчѳлѳрүнѳ милдеттендирилсин ал эми кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеӊештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияга жүктѳлсүн.
Жошолу айылдык кеӊештин тѳрагасы |
К.Алдашев |