Загрузка документа…
А. СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А. Суеркулов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү 2- сессиясы
2017-жылдын 18-январы № 4
А.Суеркулов айылдык кеӊешинин туруктуу комиссияларын жана алардын курамын бекитүү жөнүндө
А.Суеркулов айылдык кеӊешинин туруктуу комиссияларын жана алардын курамын бекитүү жөнүндө маселени А.Суеркулов айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектүү II сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Суеркулов айылдык кеӊешинин туруктуу комиссиялары жана алардын курамына Экономика,план,бюджет,чакан жана орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча: Бекмурзаев Сыймык, Рустам уулу Бекжан, Манапов Абдумалик, Малабеков Талант. Сасыкеева Динара.
Билим берүү,саламаттыкты сактоо, маданият,спорт,туризм,дин иштери жана жаштар саясаты боюнча: Байгазы уулу Эмир,Эгембердиев Артур, Аскарбеков, Расул, Боонбаев Садыкбек, Барманов Токтосун.
Айыл чарба, жер жана агрардык маселелер, курулуш, транспорт, энергетика, Экология, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча: Исаков Жетиген, Кокумбаев Бакыт, Кашкариев Нарынбек, Акбаров Талант, Майрамбек уулу Айбек. Мыйзамдуулук жана этика маселеси. Атуулдардын арыз даттанууларын жана кайрылууларын кароо боюнча: Жээншаев Максат,Тумаков Чолпон, Жангарачева Айгул,Тезекбаев Жолдубай бекитилсин.
2. Туруктуу комиссиялардын төрагаларын,орун басарларын шайлоо жана иш алып баруу жагы туруктуу комиссиялардын курамындагы мүчөлөргө милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
4. Бул токтом www.Torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Төрага | У. Бучуков |