Загрузка документа…
А. СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А. Суеркулов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү 2- сессиясы
2017-жылдын 18-январы № 6
А.Суеркулов айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 26-беренесинин 1-1 пунктуна ылайык, А.Суеркулов айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине таянып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Суеркулов айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2. Аталган токтом А.Суеркулов айыл аймагынын www.Torken.kg веб-сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Торкен айыл өкмөтүнѳ милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө А.Суеркулов айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Тууганбаев Көчөрбай Чороевичке тапшырылсын.
Төрага | У. Бучуков |