Загрузка документа…
А. СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А. Суеркулов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү 2-сессиясы
2017-жылдын 18-январы № 8
Торкен айыл өкмөтүндөгү түз берүү жолу менен берилүүчү АКФ нын жерлери боюнча
Торкен айыл өкмөтүндөгү Торкен, Кара Жыгач, Көтөрмө айылдарындагы түз берүү жолу менен берилүүчү АКФ нын жерлери боюнча маселени А.Суеркулов айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектүү II сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Торкен айылындагы Раб КООП тун арты суугат жер болгондугуна байланыштуу аукционго коюлсун.
2. Торкен айылындагы Айгыржал, Аэропорт участогундагы, мурунку түз берүү жолу менен берилип келе жаткан жерлер, Көтөрмө айылы боюнча Кыргоо участогундагы, Көтөрмө айылынын ичиндеги суу жетпеген мурунку жерлер, Кара Жыгач айылындагы Ыраӊ участогундагы жерлер түз берүү жолу менен 1 га жерге 1000 сомдон ( соц фонд, салык акысынан сырткары) аренда акысы жыл башында толук төлөнүүсү менен берилсин.
3. Кара Жыгач айылындагы өтө жакыр үй бүлөөлөргө,инвалиддерге жана кароосуздарга деп берилип жүрчү 4 га жер бекер берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Айыл чарба, жер жана агрардык маселелер, курулуш, транспорт, энергетика, экология, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетине тапшырылсын.
5. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6. Бул токтом www.Torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Төрага | У. Бучуков |