Загрузка документа…
А. СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А. Суеркулов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 5- сессиясы
2017-жылдын 28-февралы № 12
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январында № 41 токтому менен бекитилген “ Жалал Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын Атайын эсебинен каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө” Жобосунун 4- бөлүмүнө ылайык, байкоочу кенештин курамына киргизүүгө бир талапкерди айылдык кеӊештин сессиясында карап, сессиянын чыгарылган чечимине ылайык жактырылган өкүлдү Токтогул райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январында № 41 токтому менен бекитилген “ Жалал Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын Атайын эсебинен каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө” Жобосунун 4- бөлүмүнө ылайык, байкоочу кенештин курамына киргизүүгө бир талапкерди айылдык кеӊештин сессиясында карап, сессиянын чыгарылган чечимине ылайык жактырылган өкүлдү Токтогул райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо жөнүндөгү маселени А.Суеркулов атындагы айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “ Жалал Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын Атайын эсебинен каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө” Жобосунун 4- бөлүмүнө ылайык, байкоочу кенештин курамына Тезекбаев Жолдубай сунушталсын.
2. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
3. Бул токтом www.Torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Төрага | У. Бучуков |