Загрузка документа…
А. СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А. Суеркулов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 6- сессиясы
2017-жылдын 6-апрели № 13
Торкен айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017 – жылга бюджетин жана Торкен айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы негизги жана атайын каражаттан калган калдыктарын бекитүү
Торкен айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017 – жылга бюджетин бекитүү жана Торкен айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы негизги жана атайын каражаттан калган калдыктарын бекитүү жөнүндөгү маселени А.Суеркулов атындагы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын VI сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Торкен айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017 - жылга бюжетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн жалпы суммасы (республикадан берилүүчү каражаттарды кошо эсептегенде) 11038,4 миң сомго бекитилсин.
2. Торкен айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети 2017-жылга - 3585,6 миң сомго бекитилсин.
3. Торкен айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн атайын каражат счету – 807,8 миң сомго бекитилсин.
4. Торкен айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн резервдик фондусунун 2017 – жылга көлөму жалпы бюджеттин 1% ке чейинки өлчөмүндө же 105,8 миң сомго бекитилсин жана жыл ичинде бюджетте өзгөртүү болсо резервдик фонддун суммасы дагы өзгөрүлөөрү белгиленсин.
5. Торкен айылдык Кенешинин төрагасына жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация» жөнүндөгү мыйзамынын 33- беренесинин 5 – пунктуна жана өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук Агенттигинин 2013-жылдын 15-январындагы № 04/24/4-1 буйругуна ылайык жергиликтүү бюджеттен компенсация төлөнүүсү белгиленсин
6. Айыл өкмөтүндөгү айыл чарбасына багытталган мамлекеттик фондусунун арендага берилген жерлеринин соц.фонд төлөмү , берилген жерлердин ичинен төлөнүүсү белгиленсин.
7. Өнүктүрүү саясат институту тарабынан каржыланган долборго «Сезим келечеги» балдар бакчасынын капиталдык ремонту үчүн өздүк салымына 10% -400,0 миң сом,Т.Жүндүбаев мектебинин ашканасынын ремонту үчүн өздүк салымына 10% -50,0 миң сом, Т.Ашыралиев мектебинин ашканасынын ремонту үчүн өздүк салымына 10% -41,0 миң сом, Спец техника сатып алуу үчүн өздүк салымына - 290,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
8. Кеңештин туруктуу комиссиясынын чыгымдары, аппараттын чыгымдары менен бирге төлөнүүсү белгиленсин.
9. Торкен айыл өкмөтүнөн алынуучу тактамалардын баасы 5 сомдон болсун,анын ичинен жакыр үй-бүлөөлөргө, ооруканада ооруп жаткандарга, кароосуз үй-бүлөөлөргө, соц.пенсияга, пособие алуучуларга, сот жана милиция органдарына,өлгөн адамдарга, мекемеден коллективдүү түрдө муктаждык менен берилүүчү тактамалар бекер берилери эскертилсин.
10. Торкен айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Жунусалиевага жыл ичиндеги жергиликтүү бюджеттин өзгөрүүсү болсо, айылдык кенешине маалымат берип туруусу милдеттендирилсин.
11. Торкен айыл өкмөтүнүн негизги счеттон 01.01.2017- жылга калган – 426,4 миң сом калдыгы төмөндөгү статьяларга бөлүнсүн.
Аппаратка:
22221200 статьясына - 27,4 миң сом.
22154900 статьясына - 364,0 миң сом
31123230 статьясына - 35,0 миң сом
Жалпы: 426,4 миң сом
Торкен айыл өкмөтүнүн атайын каражаттан 01.01.2017 - жылга калган – 58,3 миң сом калдыгы төмөндөгү статьяларга бөлүнсүн:
Аппаратка:
2215 статьяс ына – 58,3
12. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү жагы А.Суеркулов атындагы айылдык кенешинин экономика, план, бюджет, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
13. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
14. Бул токтом www.Torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Төрага | У. Бучуков |