Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 1-апрели №19/15
Мегоком телекомуна чагылдыргыч аппарат куруу үчүн жер бѳлүп берүү жѳнүндѳ
Жошолу айылдык округуна караштуу Осоавиахим, Үч-Чат айылдарынан жашоочуларынын чагылдыргыч аппарат куруп берү жѳнүндѳгү ѳтүнүчүн эске алып жабык акционердик Альфа Мегоком компаниясынын элге кызмат кѳрсѳтүү боюнча чечимин карап талкуулап
Жошолу айылдык Кеӊешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айылдык округуна караштуу Осоавиахим айылынын Кѳк-Таш участкасынан айылдык округдун балансында турган жерден «Альфа» телеком компаниясына чагылдыргыч аппарат куруу үчүн 0,02 га жер аянты бѳлүнүп берилсин.
2. Макулдашуу талап кылынса эки тараптуу келишимдер түзүлсүн.
3. «Альфа» телеком компаниясына тийиштүү документтер маалыматтар керек учурда айылдык округ камсыз кылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык округдун башчысы К.Торошевге милдеттендирилсин.
Жошолу айылдык Кеӊешинин тѳрагасы |
К. Алдашев |