Загрузка документа…
А. СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А. Суеркулов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 6- сессиясы
2017-жылдын 6-апрели № 18
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 4-беренесине ылайык жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу жөнүндө “АРИС” долбоорунан атайын техника сатып алуу үчүн өздүк салымга жергиликтүү бюджеттен каражат кароо боюнча
Жайытты жакшыртуу максатында “АРИС” долбоорунан атайын техника сатып алуу үчүн өздүк салымга жергиликтүү бюджеттен каражат кароо боюнча маселени А.Суеркулов атындагы айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын VI сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайытты жакшыртуу максатында “АРИС” долбоорунан атайын техника сатып алуу үчүн өздүк салымга жергиликтүү бюджеттен каражат каралып берилсин.
2. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
3. Бул токтом www.torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
Төрага | У. Бучуков |