Загрузка документа…
А. СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А. Суеркулов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 6- сессиясы
2017-жылдын 6-апрели № 21
Кара Жыгач айылындагы айыл чарбасына багытталган жерлерди түз берүү жолу менен берүү боюнча
Кара Жыгач айылындагы айыл чарбасына багытталган жерлерди түз берүү жолу менен берүү боюнча маселени А.Суеркулов атындагы айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын VI сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара Жыгач айылындагы айыл чарбасына багытталган жерлерге суроо талап болбогондугуна байланыштуу түз берүү жолу менен берилсин.
2. Кара Жыгач айылындагы айыл чарбасына багытталган 52 га суугат жер баасы 2000 ( эки миӊ) сомдон, 6 га жер 1000 ( бир миӊ ) сомдон берилсин.
3. Торкен айылындагы аукционго берилүүчү суугат жерден өтө жакыр үй бүлөө Казатов Уланга жана Барпыбаев Жолчубекке 1 гектардан жер бекер берилсин .
4. Жерлердин берилишин жана алардын максаттуу пайдаланылышын көзөмөл жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси Э. Нуралиевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6. Бул токтом www.Torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Төрага | У. Бучуков |