Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-апрели № 27
Табылгы айылынын айыл башчысын Чек айылына которуу жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы Табылгы айылынын айыл башчысы штатын Чек айылына которуу боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги V-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы Табылгы айылынын айыл башчысы штаты Чек айылынын айыл башчысы шаттык бирдигине которулсун.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулукту сактоо жана укук тартиби, административдик жана текшерүү иштери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковго милдеттендирилсин.
Төрага | М. Султанов |