Редакцияот 18.04.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2017-жылдын 18-апрели № 28

Чек айылынын борборундагы базардын ордуна ата-мекендик согуштун катышуучуларынын урматына парк куруп, “Баатырлар аллеясы” деп ат коюуга макулдук берүү жөнүндө

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн борбору Чек айылындагы эски базарды түз сатууга же бузуп тазалоо, бузулган материалдарын жыйнап ал жерге ата-мекендик согуштун катышуучуларынын урматына парк куруп, “Баатырлар аллеясы” деп ат коюуга макулдук берүү боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги V-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн борбору Чек айылынындагы эски базарды түз сатууга же бузуп тазалоо, бузулган материалдарын жыйнап бөлүп сатууга макулдук берилсин.

2. Базарды сатуудан түшкөн акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетине кириштелсин.

3. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чек айылындагы эски базардын ордуна Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларынын урматына парк куруп, “Баатырлар аллеясы” деп ат коюлсун.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулукту сактоо жана укук тартиби, административдик жана текшерүү иштери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковго милдеттендирилсин.

 

Төрага

М. Султанов