Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-апрели № 29
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2017-жылдын II-кварталына киреше жана чыгаша бөлүмдөрүнө толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Дарбишов Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүмдөрүнө толуктоолорду киргизүү боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI -чакырылышынын кезектеги V-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-январына калган калдык 3348,7 (үч миллион үч жүз кырк сегиз миң жети жүз) сом атайын эсепте калган калдыктар бардыгы 377,0 (үч жүз жетимиш жети миң) сом, анын ичинен Аппаратка 300,0 (үч жүз миң) сом, бала-бакчага -75,2(жетимиш беш миң эки жүз) сом, мектептер үчүн-1,8 (бир миң сегиз жүз) сом, түзүлгөн сметанын негизинде кириштелсин.
2. 2017-жылдын II-кварталынын бюджетине №15141200 статьясына “Жер казынасына пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акы” “Мерит Море Лимитед” ЖЧКнан түшкөн 711,2 (жети жүз он бир миң эки жүз) сом жана “Спарклер” ЖЧКнан түшкөн 960,2 (тогуз жүз алтымыш миң эки жүз) сом жалпы киреше бөлүгү баары 1671,4 (бир миллион алты жүз жетимиш бир миң төрт жүз) сом болуп толукталып 22154900 статьясына сметанын негизинде иштетилсин.
3. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы толукталган жалпы киреше бөлүгү 22322,0 (жыйырма эки миллион үч жүз жыйырма эки миң ) сом суммада бекитилсин.
4. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 2017-жыл үчүн 54,5 (элүү төрт миң беш жүз) сом суммада бекитилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын айылдык кеңештин бюджет жана экономика маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу А.Дарбишевге милдеттендирилсин.
Төрага | М. Султанов |