Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-апрели № 31
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аппаратында спорт боюнча штаттык бирдик ачуу жөнүндө
Баткен облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын 2017-жылдын 14-мартындагы №02-9/60 сандуу катынын негизинде Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аппаратында спорт боюнча штаттык бирдик ачуу боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги V-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аппаратында спорт боюнча штаттык бирдиги ачылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулукту сактоо жана укук тартиби, административдик жана текшерүү иштери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковго милдеттендирилсин.
Төрага | М. Султанов |