Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-апрели № 32
Дара айыл аймагында санариптик теле берүүнү орнотууга жогорку зонага кабель тартуу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүндө санариптик теле берүүнү орнотуу боюнча “Радиотехнический Центр Телерадиовещания” ЖЧКнун катынын негизинде даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги V-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүндө санариптик теле берүүнү орнотуу үчүн 11,5 км жерге кабель тартууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Сыдыковго милдеттендирилсин.
Төрага | М. Султанов |