Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-апрели № 36
Тунук-Суу айылына ФАП курууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Тунук-Суу айылына ФАП курууга 0,10 жер аянтын бөлүп берүү боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги V-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Тунук-Суу айылына ФАП куруу үчүн 0,10га жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Бала-бакча куруу үчүн керектүү болгон жер аянттарын тактап, бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Сыдыковго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Сыдыковго милдеттендирилсин.
Төрага | М. Султанов |