Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-апрели № 37
Кан айылына маданият үйүн куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кан айылына маданият үйүн куруу үчүн аныкталган жерге чечим чыгарып берүүгө уруксат берүү боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги V-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кан айылына маданият үйүн куруу үчүн аныкталган жерге чечим чыгарып берүүгө уруксат берилсин.
2. Кан айылына маданият үйүн куруу үчүн керектүү болгон жер аянттарын тактап, бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Сыдыковго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Сыдыковго милдеттендирилсин.
Төрага | М. Султанов |