Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-апрели № 38
Жол күнүн белгилөө жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүндө “Жол күнүн белгилөө” боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги V-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүндө жыл сайын март айынын акыркы жумасынын жекшемби күнү “Жол күнү” деп белгиленсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына жана айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковго милдеттендирилсин.
Төрага | М. Султанов |