Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-апрели № 40
Жаңы-Жер айылынан Кара-Бак айыл өкмөтүнө чейинки Р-4 каналын улап жаңыдан куруу үчүн 2,1км аралыктагы 4,2га жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Жаңы-Жер айылынан Кара-Бак айыл өкмөтүнө чейинки Р-4 каналын улап жаңыдан куруу үчүн 2,1км аралыктагы 4,2га жер аянтын бөлүп берүү боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги V-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жер айылынан Кара-Бак айыл өкмөтүнө чейинки Р-4 каналын улап жаңыдан куруу үчүн 2,1км аралыктагы 4,2га жер аянты трансформациялансын.
2. Жер тилкесинин категорияларын (трансформациялоо) которуу үчүн тийиштүү болгон иш кагаздарын бүтүрүү жага Дара айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Жер тилкесинин категорияларын (трансформациялоо) которуу үчүн тийиштүү болгон иш кагаздарын бекитип берүү жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4. Жаңы-Жер айылынан Кара-Бак айыл өкмөтүнө чейинки Р-4 каналын улап жаңыдан куруу үчүн 2,1км аралыктагы 4,2га жер аянты Райондук суу чарба башкармалыгына бөлүнүп берилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Сыдыковго милдеттендирилсин.
Төрага | М. Султанов |