Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-апрели № 42
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси Мамытов Абды-Манап Набиевичти “Дара айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамына көрсөтүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси Мамытов Абды-Манап Набиевичти “Дара айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамына көрсөтүү жөнүндө Дара айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин профсоюз уюмунун чогулушунун протоколун талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги V-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси Мамытов Абды-Манап Набиевичке “Дара айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Керектүү каражаттар менен камсыздоо жага ФЭБ башчысы А.Дарбишовго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин административдик укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Мисиралиевге милдеттендирилсин.
Төрага | М. Султанов |