Загрузка документа…
АК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-январы № 1/1
Ак-Талаа айыл аймагынын жер аянттарынын пайдалангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкасы жөнүндө
УГУЛДУ: Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы А.Туюкбаевдин Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337-беренесинин 6-пунктуна ылайык жана Мамлекеттик салык кызматынын Ат-Башы району боюнча башкармалыгынын 26-октябрь 2015-жылдагы № 08-1423 сандуу каты боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Талаа айыл аймагы дениз денгээлинен 2190 м бийик жайгашканы эске алынып, жер аянттарын пайдаланып жаткандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкасы өзгөртүүсүз калтырылсын.
2. Бул токтомду айыл өкмөтүнүн каттоосунан өткөрүп, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго тапшырылсын.
Төрага | А. Туюкбаев |