Загрузка документа…
АК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-январы № 1/3
Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн СООПВ “Беш-Конуш” таза суусунун 2015-жылда жасалган иштери жөнүндө
УГУЛДУ: Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы А.Туюкбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Талаа айыл аймагынын СООПВ “Беш-Конуш” таза суусунун башчысы Ж.Жумаеванын 2015-жылга отчету канааттандыраарлык деп табылсын.
2. СООПВ “Беш-Конуш” таза суусунун ар бир жанга 15 сомдон, үйгө киргизген сууга ар бир жанга 20 сомдон, мончо жаккандарга айына 300 сомдон тарифтери бекитилсин.
3. СООПВ “Беш-Конуш” таза суусунун айып пулдары суу чоргосуна шланг сайып суугаргандарга 5000 сомдон бекитилсин.
4. СООПВ “Беш-Конуш” таза суусунун башкы оперетору Т.Султанбаевге 2000 сом айлык акы, бухгалтерине 3000 сом, кароолчу-жардамчы операторуна 1000 сом айлык акы бекитилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Т.Стамакуновго тапшырылсын.
Төрага | А. Туюкбаев |