Загрузка документа…
АК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-январы № 1/4
Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 1-январь 2016-жылга бюджетте калдык болуп калган 188 523 сомду чыгымдоо жөнүндө
УГУЛДУ: Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы А.Туюкбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылга карата Калинин жана Терек-Суу айылдарындагы жолбун иттерди атууга 17500 сом бөлүнсүн.
2. Калинин жана Терек-Суу айылдарынын көчөлөрүнө төгүлгөн шагыл үчүн кызмат акыга ДЭУга 15 000 сом акча каражаты бөлүнсүн.
3. Калинин жана Терек-Суу айылдарындагы балдар бакчасына кенсе жабдуусун алууга жана имаратты ондоого материал алууга 24 951 сом бөлүнсүн.
4. Канцелярдык товарларды алууга 14600 сом бөлүнсүн.
5. Эки айылдын мечиттерине жардам катары 10 000 сом бөлүнсүн.
6. Айыл өкмөтүнүн балансында турган Нива авто унаасына күйүүчү май менен камсыз кылууга 5000 сом бөлүнсүн.
7. Башка чыгымдарга 11 072 сом акча каражаты бөлүнсүн.
8. Төраганын айлык акысы үчүн 10 400 сом бөлүнсүн.
9. Терек-Суу айылынын А.Чортеков орто мектебинин от казанынын ремонту үчүн 80 000 сом бөлүнсүн. Баары: 188 523 сом.
10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго тапшырылсын.
Төрага | А. Туюкбаев |