Загрузка документа…
АК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-сентябры № 5/1
Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылга бюджетке кошумча жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акысына түшкөн 154,1 миң сом, “Кенбил булагы” жана “Терек-Суу таны” бала бакчаларынын ата-энелеринен чогулган 30 000 (отуз миң) сом акча каражатын бекитүү жөнүндө
УГУЛДУ: Аталган маселе боюнча Ак-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы А.Туюкбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 125 000 (бир жүз жыйырма беш миң) сом акча каражаты АРИС долбоору боюнча келүүчү техниканын өздүк салымы үчүн каралсын.
2. 7725 (жети мин жети жүз жыйырма беш миң) сом акча каражаты Калинин айылынын борбордук көчөлөрүнө “лежачий полицейский” койдуруу үчүн каралсын.
3. 10 000 (он миң) сом акча каражаты Калинин айылында жайгашкан ҮДТнын ремонту үчүн каралсын.
4. 11 375 (он бир миң үч жүз жетимиш беш) сом акча каражаты Калинин айылындагы дренажды кайра тазалоо үчүн техникаларды күйүүчү май менен камсыз кылуу үчүн каралсын.
5. 30 000 (отуз миң) сом бала бакчаларга тамак-аш алуу үчүн каралсын.
Бардыгы: 184 100 сом
6. Бул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп ak-talaa.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсөн.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Туюкбаев |