Загрузка документа…
АК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Талаа айылдык кеңешинин кезексиз 5-сессиясы
2016-жылдын 22-сентябры № 5/2
Ак-Талаа айыл аймагы боюнча 2016-жылга күзгү дан эгиндерин оруп-жыйноо учурунда, жазында кечирээк себилген жана бышпай калган 12 га арпа кесек тоют катары чабылып, түшүм алынбай калганы жөнүндө
УГУЛДУ: Аталган маселе боюнча Ак-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы А.Туюкбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Талаа айыл аймагы боюнча 2016-жылга айдалган дан эгиндеринин ичинен 12 га арпа бышпай калгандыгына байланыштуу кесек тоют катары чөпкө чабылгандыктан, жалпы отчеттуулуктан чыгаруу жагы суралсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын жерге жайгаштыруу жана айыл чарба боюнча башкы адис М.Садыковго тапшырылсын.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | А. Туюкбаев |