Загрузка документа…
АК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Талаа айылдык кеңешинин кезексиз 5-сессиясы
2016-жылдын 22-сентябры № 5/3
Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Терек-Суу айылындагы А.Чортеков атындагы орто мектебинин пайдалануусундагы жер аянтынын ичинде, күн чыгыш тарабындагы 0,10 га жер аянтына жаны ФАП салууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
УГУЛДУ: Аталган маселе боюнча Ак-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы А.Туюкбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Талаа айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Терек-Суу айылындагы А.Чортеков атындагы орто мектебинин пайдалануусундагы жер аянтынын ичинен, кун чыгыш тарабындагы 0,10 га жер аянтына жаны ФАП салууга жер тилкеси бөлүнуп берилсин.
2. Бул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп ak-talaa.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсөн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Туюкбаев |