Загрузка документа…
АК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Талаа айылдык кеңешинин кезексиз 6-сессиясы
2016-жылдын 25-октябры № 6/1
Ак-Талаа айыл аймагына караштуу Кара-Коюн участкасынан 200 га жайыт жер аянтын трансформациялоо жөнүндө
УГУЛДУ: Аталган маселе боюнча Ак-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы А.Туюкбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.04.2014-жылдагы №169 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү” токтомуна ылайык Ак-Талаа айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Коюн участкасындагы 200 га жайыт жер аянтын өнөр-жай багытындагы жерлер категориясына которууга сунушталсын.
2. Бул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп ak-talaa.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсөн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Туюкбаев |