Загрузка документа…
АК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Талаа айылдык кеңешинин кезексиз 6-сессиясы
2016-жылдын 25-октябры № 6/2
Ак-Талаа айыл өкмөтүнө караштуу Калинин айылындагы калктуу конуштун ичиндеги айыл өкмөттүн муниципалдык менчигинде турган бош өнөр-жай алдындагы жер тилкелеринин багытын өзгөртүп трансформациялоо жөнүндө
УГУЛДУ: Аталган маселе боюнча Ак-Талаа айылдык кенешинин төрагасы А.Туюкбаев КРнын 15.07.2013-жылдагы №145 жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндө мыйзамынын негизинде жана КРнын Өкмөтүнүн 19-март 2014-жылдагы №169 жер участокторун (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү убактылуу токтомунун жобосу жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Талаа айыл аймагына караштуу Калинин айылындагы калктуу конуштун ичиндеги айыл өкмөттүн муниципалдык менчигинде турган бош өнөр-жай алдындагы жер тилкелерин КРнын 15.07.2013-жылдагы №145 жер участогун которуу (тарнсформациялоо) жөнүндө мыйзамынын негизинде жана КРнын Өкмөтүнүн 19-март 2014-жылдагы №169 жер участокторун (тарнсформациялоо) тартиби жөнүндөгү убактылуу токтомунун жобосуна ылайык төмөндөгү код ЕНИ;
4-02-06-1001-0572 6754 чарчы метр
4-02-06-1001-0573 7819 чарчы метр
4-02-06-1001-0597 4725,5 чарчы метр
4-02-06-1001-0599 10003,1 чарчы метр
4-02-06-1001-0568 12594 чарчы метр
4-02-06-1001-0645 6899,8 чарчы метр
2. Жалпы 48795,4 чарчы метр жер тилкесинин багытын өзгортүп, калктуу конуштун жерлерине (трансформациялоо) которуп, тиешелүү чечимин чыгарып берүү жагы Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын жер комиссиясына сунушталсын.
3. Бул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп ak-talaa.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсөн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Туюкбаев |