Загрузка документа…
АК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Талаа айылдык кеңешинин кезексиз 6-сессиясы
2016-жылдын 25-октябры № 6/3
Ак-Талаа айыл аймагына караштуу Калинин айылындагы “Саз” участкасынан жана Терек-Суу айылындагы “Желе-Дөбө” участкаларынан эски карьерлердин ордун калктуу конуштардын катуу тиричилик калдыктарын төгүү үчүн трансформациялоо жөнүндө
УГУЛДУ: Ак-Талаа айылдык кенешинин төрагасы А.Туюкбаевдин, Ак-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновдун биргелешкен токтому боюнча КРнын 15.07.2013-жылдагы №145 жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө мыйзамына ылайык КРнын Өкмөтүнүн 19-март 2014-жылдагы №169 жер участокторун (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү убактылуу токтомунун жобосуна ылайык билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КРнын 15.07.2013-жылдагы №145 жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндө мыйзамынын негизинде жана КРнын Өкмөтүнүн 19-март 2014-жылдагы №169 жер участокторун (трансформациялоо)тартиби жөнүндөгү убактылуу токтомунун жобосуна ылайык Калинин айылына №210 контурдагы “Саз” участкасынан 0,50 га жана Терек-Суу айылына №212 контурдагы “Желе-Дөбө” участкасынан 0,50 га эски карьерлердин ордун катуу катуу тиричилик калдыктарын төгүү үчүн (таштанды төгүүчү жай) жерлер алдындагы категориясына которууга (трансформациялоо) айылдык кенеш тарабынан макулдук берилсин жана Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын жер комиссиясына сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Т.Стамакуновго тапшырылсын.
Төрага | А. Туюкбаев |