Загрузка документа…
АК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Талаа айылдык кеңешинин кезексиз 7-сессиясы
2016-жылдын 24-ноябры № 7/1
Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жер казынасын пайдалануу үчүн лицензияны кармоодон түшкөн 550 000 сом акча каражатын бекитүү жөнүндө
УГУЛДУ: Аталган маселе боюнча Ак-Талаа айылдык кенешинин төрагасы А.Туюкбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калинин айылына дренаж казууга 210 000 сом каралсын.
2. А.Чортеков орто мектебинин көмүрканасынын чатырын жабууга 68 700 сом каралсын.
3. Т.Адыраңов орто мектебинин кошумча корпусунун ашканасына 35 000 сом каралсын.
4. Айыл өкмөтүнүн вебсайтына 4000 сом каралсын.
5. ҮДТнын таза суусунун ремонтуна 10 000 сом каралсын.
6. Айыл өкмөтүнүн канцелярдык буюмдарына 14 050 сом бөлүнсүн.
7. Эки айылдын шайлоо участкаларына узарткычка 4000 сом каралсын.
8. Ит атуу үчүн охот союзга 20 000 сом каралсын.
9. Айыл өкмөтүнүн 2007-жылдагы карызы үчүн 23 540 сом каралсын.
10. “Тенир-Тоо” газетасына 1 570 сом бөлүнсүн.
11. Терек-Суу айылына ФАП салдыруу үчүн бөлүнгөн жер аянтын каттоодон өткөрүү үчүн 25 000 сом каралсын.
12. “ММК” газетасынын карызы үчүн 1 500 сом каралсын.
13. Т.Адыранов орто мектебинин от казанынын проектисине 125 000 сом бөлүнсүн.
14. Бул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп ak-talaa.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсөн.
15. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Туюкбаев |