Загрузка документа…
АК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Талаа айылдык кеңешинин кезексиз 7-сессиясы
2016-жылдын 24-ноябры № 7/2
Ак-Талаа айыл аймагына караштуу Калинин айылындагы Т.Адыранов орто мектебинин жылуулук системасын, от казанын жана көмүрканасын жаны салуу үчүн өздүк салымга бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
УГУЛДУ: Ак-Талаа айыл аймагына караштуу Калинин айылындагы Т.Адыранов орто мектебинин жылуулук системасын, от казанын жана көмүрканасын жаны салуу үчүн түзүлгөн долбоорунун 3 314 048 сомдук сметадагы жалпы суммасынын 10 пайызын түзгөн 331 409 сомду Ак-Талаа айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүп берүү үчүн Ак-Талаа айыл аймагынын Айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинен каралган 331 409 сом өздүк салымга бөлүнүп берилсин.
2. Өздүк салымга берилген акча каражатын өз убагында келишимдин негизинде тиешелүү жерге которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Базарбековго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп ak-talaa.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсөн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Туюкбаев |