Загрузка документа…
АК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Талаа айылдык кеңешинин кезексиз 7-сессиясы
2016-жылдын 24-ноябры № 7/3
Ак-Талаа айыл аймагынын конкурстук комиссиясы сунуштаган көйгөйлөрдү талкуулоо жөнүндө
УГУЛДУ: Аталган маселе боюнча Ак-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы А.Туюкбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Талаа айыл аймагынын Айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Талаа айыл аймагынын конкурстук комиссиясы сунуш кылган көйгөйлөрдүн ичинен Калинин айылына жаны бала бакча куруу жана бала бакчага инвентарь алуу долбоору жана Терек-Суу айылына жаны бала бакча куруу жана спорт комплексин ачуу долбоору айылдык кенештин отурумунда бекитилсин жана жактырылган долбоорлор АРИСтин “Айылды инвестициялоо” долбоорунун 3-этабына конкурска катышууга сунушталсын.
2. Бул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп ak-talaa.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсөн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Туюкбаев |