Загрузка документа…
КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Жол айылдык кеңешинин (6-шайланган) 3-сессиясы
2017-жылдын 20-апрели № 1
Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-кварталынын финансылык абалы жөнүндө
Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Асанованын маалыматын угуп жана талкуулап Кашка-Жол айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы менен киреше бөлүгү 826300сомго, чыгаша бөлүгү 826300сомго аткарылгандыгы белгиленсин
2. Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин аткарылышы 1-кварталдагы жыйнытыгы менен канааттандыраарлык деп табылсын
3. Кашка-Жол айыл өкмөтүнө тиешелүү уюмдар тарабынан кабыл алынып жаткан нормативдин актылардын негизинде, ошондой эле өндүрүштүк көлөмдөрүнүн, баалардын, инфляциянын деңгээлине жана башка процесстердин эсебинен келип чыккан өзгөртүүлөргө ылайык, бюджеттик статьялар боюнча өзгөртүүлөрдү жыл ичинде киргизилип турууга укук берүү менен бул өзгөртүүлөр айылдык кеңештин сессиясында каралып, бекитиле тургандыгы белгиленсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Жол айылдык кеңешинин социалдык экономикалык өнүгүүүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Оморов |