Загрузка документа…
КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Жол айылдык кеңешинин (6-шайланган) 3-сессиясы
2017-жылдын 20-апрели № 2
Дыйкан, фермердик үрөөн чарбаларынын 2016-жыл ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгы жана 2017-2018-жылдарга карата кабыл алган иш пландары жөнүндө
Жогорудагы маселе боюнча дыйкан, фермердик үрөөн чарбаларынын жетекчилеринин маалыматтарын угуп жана талкуулап Кашка-Жол айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дыйкан, фермердмк үрөөн чарбаларынын 2016-жыл ичинде аткарган иштери кээ бир кемчилдиктер менен канаатандыраарлык деп белгиленсин.
2. 2017-жылдын түшүмүнө карата кабыл алынган болжолдуу индикативдик пландары кабыл алынсын
3. Мамлекеттик жер фондусунун балансасындагы жерден алып, иш алып барып жатышкан үрөөн дыйкан, фермердик чарбалар боюнча 2-кварталдын жыйынтыгы менен алардын жерди эффективдүү пайдалануусу жана төлөм каражаттарынын (аренда акы , жер салыгы, соцфонд төлөмдөрү) төлөнүүсү боюнча маалымат даярдалып сессияга киргизилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн жер боюнча жетектөөчү адсиси А.Ардиновго тапшырылсын.
Төрага | Т. Оморов |