Загрузка документа…
КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Жол айылдык кеңешинин (6-шайланган) 3-сессиясы
2017-жылдын 20-апрели № 4
Кашка-Жол айыл аймагындагы мал чарбасынын ветеринардык абалы жана малдарды жайлоого көчүрүү жөнүндө
Жогорудагы маселе боюнча Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн вет адиси А.Пусуевдин маалыматын угуп жана талкуулап Кашка-Жол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Жол айыл аймагындагы мал чарбасынын ветеринардык абалы канаатандыраарлык деп табылсын.
2. Малдарды эмдөө боюнча кызмат акысы төмөндөгүдөй баада бекитилсин:
Жылкы - 30сом
Бодо мал - 25сом
Кой - 20сом
Ит - 50сом
Тоок - 15сом
3. Кашка-Жол айыл аймагындагы айылдарда өткөн жалпы элдик жыйындарды протоколдорунун негизинде жайлоо акысы бир айга төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
Жылкы - 300сом
Бодо мал - 300сом
Кой - 80сом
Малдарды жайлоого айдоо убактысы 1-майга чейин, жайлоодон кайтуу убактысы 15- сентябрдан кийин деп белгиленсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Ж.Бакировго жана Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн вет адиси А.Пусуевге милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Оморов |