Загрузка документа…
КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Жол айылдык кеңешинин (6-шайланган) 3-сессиясы
2017-жылдын 20-апрели № 5/2
Жийде айылындагы Кум каналына курулган көпүрөгө Арзымаматов Амангелдинин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн Жийде айылынын тургундарынын жалпы элдик жыйынынын 20.03.2017-жылдагы №4 протоколу боюнча Жийде айылынын айыл башчысы А.Култаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Кашка-Жол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн Жийде айылынын тургундарынын жалпы элдик жыйынынын 20.03.2017-жылдагы №4 протоколу бекитилсин.
2. Жийде айылындагы Кум каналына курулган көпүрөгө Арзымаматов Амангелдинин ысымы ыйгарылсын.
3. Арзымаматов Амангелди атындагы көпүрөнүн көрнөгүн илүү, абалын карап көзөмөлдөп туруу жагы А.Арзымаматовдун балдарына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жийде айылынын айыл башчысы А.Култаевге тапшырылсын
Төрага | Т. Оморов |