Загрузка документа…
КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Жол айылдык кеңешинин (6-шайланган) 3-сессиясы
2017-жылдын 20-апрели № 5/3
Каада-салт, үрп адаттагы аземдерди өткөрүү боюнча каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу жана ысырапкорчулукту кыскартуу жөнүндө
Кашка-Жол айыл өкмөтү боюнча имам –хатиби Абдылдаев Бектемирдин маалыматын угуп жана талкуулап Кашка-Жол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каада-салт, үрп адаттагы аземдерди өткөрүү боюнча каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу жана ысырапкорчулукту кыскартуу боюнча ар бир айылда элдик жыйындар өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
2. Элдик жыйындардагы сунуштардын негизинде жалпы айыл аймагы боюнча ысырапкорчулукту кыскартуу боюнча программа иштелип чыгарылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Жол айылдык Кеңешинин социалдык маданий, билим берүү, спорт, миграция, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Оморов |