Загрузка документа…
КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Жол айылдык кеңешинин (6-шайланган) 3-сессиясы
2017-жылдын 20-апрели № 5/4
Кашка-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Октябрь айылындагы эски ФАПты мыйзамга ылайыктап сатууга даярдоо жөнүндө
Кашка-Жол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Октябрь айылындагы эски ФАПтын эскирип пайдаланууга мүмкүн болбой калгандыгына байланыштуу жаңы ФАПтын курулушунун долбооруна өздүк салым төгүү үчүн аукцион аркылуу сатылсын
2. ФАП социалдык обьект болгондугуна байланыштуу мыйзамга ылайык тиешелүү органдардан макулдук алып, баардык иш кагаздарын даярдоо жана уюштуруу маселелери колго алынсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын такай көзөмөлгө алуу жагы Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Рахманберди уулу Шайырбекке жана жер, турак-жай, коммуналдык менчик жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адис С.Турдуевке милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Оморов |