Загрузка документа…
ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-январы № 2/1
Терек айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” мыйзамынын 49-беренесине ылайык жана аймактык шайлоо комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Терек айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысын шайлоо боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын 26.01.2017-жылдагы протоколу бекитилсин.
2. Терек айыл ѳкмѳтүнүн башчысы болуп Мыктыбеков Сьезбек Арпачиевич шайланды деп табылсын.
Тѳрайым | Ж. Ажиева |