Загрузка документа…
ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-марты № 3/2
Айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2016-жылдан үнөмдөлгөн акча каражатын пайдалануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жѳнүндѳгү ” мыйзамына ылайык жана бөлүм башчысы О.Ажымамбетова, өкмөттүн 2016-жылдын бюджеттик бөлүмүнөн 331100 сом,имарат сатуудан 800500 сом, баары 1131600 сом, атайын каражатынан 28700 сом үнөмдөлгөнүн билдирип, маалымат берди. Билдирүүнү угуп жана сунуштарды талкуулап, Терек айылдык Кенешинин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бюджеттик бөлүмүнөн үнөмдөлгөн 1131600 сом акча каражаты, айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесине АРИС проектиси тарабынан гранттык негизде алына турган техниканын ѳздүк салымы үчүн 600,0 (алты жүз миң) сом, К.Молдобасанов атындагы орто мектепке проекти аркылуу алына турган инвентарь, компьютердик жабдуулардын ѳздүк салымына 100,0( бир жүз миң) сом, түрткү берүүчү грант аркылуу салына турган футбол аянтчасынын ѳздүк салымына 224,6 ( эки жүз жыйырма тѳрт миң алты жүз ) сом, сатылган имараттардын документтерин бүткѳрүүгѳ кеткен чыгым үчүн 27,6 (жыйырма жети миң алты жүз) сом, генплан үчүн 171,3 ( бир жүз жетимиш бир миң үч жүз) сом, тѳш белги жасатуу үчүн 2,6 (эки миң алты жүз) сом, 2016-жылы Кеңештин тѳрагасына компенсация үчүн 5,5 (беш миң беш жүз) сом бѳлүнүп, тѳмѳндѳгү статьяларга жумшалсын.
ЖКХ:
Мазмуну | Статья | Сумма |
Ар кандай кызмат кѳрсѳтүү | 2215 | 201,5 |
Ѳздүк салым (жайыт, мектеп) | 3112 | 700 |
Ѳздүк салым (футбол аянт) | 3111 | 224,6 |
Жалпы: |
| 1126,1 |
Башкарууга:
Мазмуну | Статья | Сумма |
Ар кандай кызмат кѳрсѳтүү | 2215 | 5,5 |
Жалпы: |
| 5,5 |
Баары: |
| 1131,6 |
2. Атайын каражаттан үнѳмдѳлгѳн 28700 сом акча каражаты тѳмѳндѳгүдѳй статьяларга жумшалсын:
Мазмуну | Статья | Сумма |
Башкарууга | 2222 | 4,6 |
Бала бакчага | 2222 | 24,1 |
Баары: |
| 28,7 |
3. Акча каражаты менен камсыз кылуу финансы экономика бѳлүмүнүн башчысы О.Ажымамбетовага тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы С.Мыктыбековго милдеттендирилсин.
Тѳрайым | Ж. Ажиева |