Редакцияот 09.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Терек айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 3- сессиясы

 

2017-жылдын 9-марты № 3/5

Таштандыларды ташып чыгаруу жыйымдарынын өлчөмүн аныктоо

Кыргыз Республикасынын салык кодексине ылайык жана жетектѳѳчү адис А.Молдалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек айылдык Кеӊешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Терек айылында таштандыларды ташып чыгаруу жыйымы түтүнгө эсептелип, 25 сомдон бекитилсин.

2. Түтүнгө 25 сомдон эсептеп жыйымдын суммасын аныктап Ак-Талаа райондук салык башкармалыгына тапшырып, планга койдуруу жагы жетектөѳчү адис А.Молдалиевге милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы С.Мыктыбековго тапшырылсын.

 

Тѳрайым

Ж. Ажиева