Загрузка документа…
ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-октябры № 4/1
Терек айыл ѳкмѳтүнүн балансасында турган имараттарды сатуу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык менчикти башкаруу жѳнүндѳгү ” мыйзамына ылайык жана “Жоо-жүрѳк” ЖПБсынын тѳрагасы Т.Дегенбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Депутаттардын Терек айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек айыл ѳкмѳтүнүн балансасында турган магазиндин жарым бѳлүгү , эски ФАП жана китепкананын имараты аукцион ѳткѳрүү менен сатылсын.
2. Сатылган мүлктѳрдѳн түшкѳн акча каражаты АРИС тарабынан “Мал чарбасын жана рынокту ѳнүктүрүү” долбоорунун негизинде келе турчу проектинин ѳздүк салымына тѳгүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл ѳкмѳт башчысы У.Казиевге тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагын ѳзүмѳ калтырамын.
Тѳрага | М. Садыров |