Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-марты № 01-05/20
Ченемдик укуктук актынын колдонулушун токтото туруу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз V сессиясы, 2017-жылдын 17-февралындагы Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун № АД-38/17МД чечиминде жана Ноокен райондук прокуратурасынын 2017-жылдын 06-мартындагы № 11/2-2-224-17 сандуу сунуш катында көрсөтүлгөн 2016-жылдын 29-августундагы № 01-05/279 сандуу «Коомдук соода-түйүн, оюн-зоок өтүүчү жайлардын түнкү иштөө убактысы жөнүндө» токтомунда Кыргыз Республикасынын «Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө» 2001-жылдын 01-февралындагы № 15 сандуу Мыйзамынын 3-4-беренелеинин талаптары бузулгандыгын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 09-декабрындагы № 435 сандуу «Ишкердик ишти жөнгө салуу жагында мамлекеттик саясатты өркүндөтүү жөнүндө» Жарлыгы уруксат бербегендиги талкууланып Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 10-17-беренелерин жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокен райондук прокуратурасынын 2017-жылдын 06-мартындагы № 11/2-2-224-17 сандуу сунуш каты жана 2017-жылдын 17-февралындагы Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун № АД-38/17МД чечими эске алынсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 29-августундагы № 01-05/279 токтому толугу менен колдонулушу токтотулсун.
3. Ченемдик укуктук актыларды кабыл алууда же долбоорун даярдоодо, ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жана мыйзам бузуучулукка жол бербөөнү шаардык Кеңештин төрагасына, аппарат кызматкерлерине жана «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
4. Токтомдук аткарылышын камсыз кылууну шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Тѳрага | М.А. Сыдыков |