КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-марты № 01-05/21
Элдик жыйындын токтомун бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз V сессиясы, 2017-жылдын 28-февралында болуп өткөн Кочкор-Ата шаарынын тургундарынын жалпы элдик жыйынында бекитилген токтомду угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 7-31-жана 60-беренелерин жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү жамаатынын 2017-жылдын 28-февралындагы жыйналышынын токтому бекитилсин.
2. Жергиликтүү жамааттын жыйналышында кабыл алынган сунуш, сын пикирлерлер жана социалдык тармакта, инвестицияларды тартууда, коррупцияга каршы аракеттенүү багыттар боюнча иш жүргүзүү мэриянын кызматкерлери тарабынан аткарууга алуусу эскертилсин.
3. Диний экстремизм, үй-бүлөөлүк зомбулук, өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу жана коомдук тартипти сактоо боюнча шаардын ички иштер бөлүмү менен биргеликте иш алып баруусу Коомдук алдын алуу борбордук мекемесинин Кеңешинин мүчөлөрүнө жана шаардык мэриясынын аппарат кызматкерлерине милдеттендирилсин.
4. Кочкор-Ата шаарынын элдик жыйындын токтому менен Эл башы кызматына шайланган Мамаев Азимбек Жоробекович Эл башы кызматына дайындалсын.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаардын мэри А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Тѳрага | М.А. Сыдыков |