Редакцияот 30.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2017-жылдын 30-марты № 01-05/22

Материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз V сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын жарандары Калинин көчөсүнүн № 15-үйүнүн тургуну Осмоналиева Бурмакандын, Таштаналиева көчөсүнүн № 6-үйүнүн тургуну Хамраева Анархандын, Мира көчөсүнүн № 4/2 үйүнүн тургуну Шпачук Лида Эдуардовнанын, Навои көчөсүнүн № 9-үйүнүн тургуну Юлдашева Огулхандын, № 28 орто мектебинин директорунун жана Ленин көчөсүнүн № 48-үйүнүн 1-батринин тургуну Азимов Юлдашвайдын арыздары боюнча, шаардык Кеңештин «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамын жетекчилике алып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаардык Кеңештин «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын берген корутундусу эске алынсын.

2. Кочкор-Ата шаардык Кеңештин «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын берген корутундусуна ылайык, Кочкор-Ата шаарынын Калинин көчөсүнүн № 15-үйүнүн тургуну Осмоналиева Бурмаканга 30 000(отуз миң)сом, Таштаналиева көчөсүнүн № 6-үйүнүн тургуну Хамраева Анарханга 20 000(жыйырма миң) сом, Мира көчөсүнүн №4/2 үйүнүн тургуну Шпачук Лида Эдуардовнага 10 000(он миң)сом, Навои көчөсүнүн № 9-үйүнүн тургуну Юлдашева Огулханга 20 000(жыйырма миң) сом, № 28 орто мектебинин мугалими Усенбаева Динарага 15 000(он беш миң)сом жана Ленин көчөсүнүн № 48-үйүнүн 1-батиринин тургуну Азимов Юлдашвайга Ош шаарына барып оорусун аныктап келүү үчүн 6000(алты миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен социалдык бөлүм үчүн ажыратылган суммадан бөлүп берилсин.

3. Арыз ээлерин акча каражаты менен камсыз кылууну мэриянын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык инвестиция тартуу маселелери боюнча» жана «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссияларга милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

М.А. Сыдыков