Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-марты № 01-05/23
Сыйлоо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз V сессиясы, шаардык Кеңештин жооптуу катчысы Мейманкулова Санабар жумуштан кетип жаткандыгына байланыштуу, Мейманкулова Санабардын муниципалдык кызматтагы көп жылдык эмгегин эске алып жергиликтүү бюджеттен акчалай сыйлоо шаардык Кеңештин «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын төрайымы К.Арстанбаеванын сунушун угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесин жана Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын 32-беренесин жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын төрайымынын сунушу эске алынсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы Мейманкулова Санабарга жергиликтүү бюджеттин түрдүү чыгымдар эсебинен 50 000(элүү миң) сом сый акы төлөнүп берилсин.
3. Сыйлоого бериллүүчү акча каражатын түрдүү чыгымдар эсебинен камсыз кылууну шаардын мэри А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткулова милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык инвестиция тартуу маселелери боюнча» жана «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссияларга милдеттендирилсин.
Тѳрага | М.А. Сыдыков |