Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-марты № 01-05/25
Мэриянын кайрылуусун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз V сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын, шаардын аймагында Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынан эки катышуучусу калгандыгын, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын он бир жесирлерине жана кырк тоголок, жарым жетимдердин жана аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдүн балдарын, балдардын жазгы эс алуусун уюштурууга акча каражатын бөлүп берүү боюнча сунуш катын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 18-20-жана 31-беренелерин жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуу Ата Мекендик согуштун эки катышуучусуна жергиликтүү бюджеттен 20(жыйырма миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын жесирлерине 110 000(бир жүз он миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
3. Жетим, жарым жетим жана аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдүн балдарын, балдардын жайкы эс алуусун уюштурууда 45(кырк беш) балага 3700 (үч миң жети жүз) сомдон жалпысы 166 500(бир жүз алтымыш алты миң беш жүз) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
4. Акча каражатын жергиликтүү бюджеттин социалдык бөлүмгө бөлүнгөн акча каражатынан бөлүп берүүнү шаардын мэри А.Т.Жумаеге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык инвестиция тартуу маселелери дин маселелери боюнча» туруктуу комиссияларга милдеттендирилсин.
Тѳрага | М.А. Сыдыков |