КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-марты № 01-05/26
Иш чарага кошумча жумуш киргизүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз V сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэри Жумаев Алтынбек Токтомуратовичтин Ленин көчөсүн Транспорт көчөсүнөн Мырзамамыт Эгембердиев көчөсүнө чейин жолго кара чакыч менен майда таштарды төгүп ремонттоо үчүн 2017-жылга аткарылуучу иштердин планына кошумча жумуш кошу боюнча угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 18-44 жана 31-жана беренелерин жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэри Жумаев Алтынбек Токтомуратовичтин кайрылуусу эске алынсын.
2. Кочкор-Ата шаарынын Ленин көчөсүн, Транспорт көчөсүнөн Мырзамамыт Эгембердиев көчөсүнө чейин, жолго кара чакыч менен майда таштарды төгүп ремонттоо үчүн 2017-жылга аткарылуучу иштердин планына кошумча жумуш бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаардын мэри Жумаев Алтынбек Токтомуратовичке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | М.А. Сыдыков |