Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-марты № 01-05/27
Төраганын арызын кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз V сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасы Сыдыков Медербек Абдыкалыковичтин ээлеген кызмат ордунан өз каалоосу менен бошотуу боюнча жазган арызын карап, талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-жана 37-беренелерин жана шаардык Кеңештин Регламентинин 2-главасынын 2.1.пунктунун 11-пункчасын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасы Сыдыков Медербек Абдыкалыковичтин арызы канааттандырылсын.
2. 2017-жылдын 01-апрелинен баштап шаардык Кеңештин төрагасы Сыдыков Медербек Абдыкалыковичтин ыйгарым укугу токтотулсун.
3. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрага кызмат ордуна шайлоо уюштурулсун.
4. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын 2017-жылдын 12-январындагы кезектеги I сессиясынын № 01-05/03 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Тѳрага | М.А. Сыдыков |